Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды. Диетологдордун айтымында, ысыкта алкоголдук ичимик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек. Нан азыктары, май жана жаңгакты дагы аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.

 

Ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу эмес эт, балык жана деңиз азыктары болушу маанилүү.

 

Андан тышкары, диетологдор сууну жетиштүү өлчөмдө ичүү керектигин эскертет. Белгилеп кетсек, алдыдагы күндөрү Кыргызстанда 40 градуска чейинки ысык аба-ырайы күтүлөт.