Автотранспорт каражатын кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишим талап кылынат

Автотранспорт каражатын кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишим талап кылынат. Министрлер кабинети тиешелүү токтом кабыл алды. Ага ылайык, эми унааны кайра каттоо ОСАГО полиси жок мүмкүн болбойт.

 

Белгилеп кетсек, ОСАГО транспорт ээлеринин жол кырсыгынан тарткан чыгымдарын жаап берет.

 

Анын ичинде унааны оңдоого же үчүнчү тараптыкын калыбына келтирүүгө чамасы жетпеген жарандарды социалдык жактан коргоону камсыздайт. Унааны милдеттүү камсыздандыруунун баштапкы баасы жылына 1 миң 680 сомду түзөт.