Кыргызстанда 75 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул алуучулардын 91%ын түзөт.
Эске салсак, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар 2022-жылдан тарта электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектеген учурда 1 кВт саатына 50 тыйын жеңилдик менен төлөйт.