Бүгүн Бишкекте “Келечек” балдар реабилитациялык борбору ачылат

Бүгүн Бишкекте “Келечек” балдар реабилитациялык борбору ачылат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага мамлекет башчысы катышат.

Буга чейин кабарлангандай, майыптыгы бар балдар үчүн ачыла турган реабилитациялык борбор акысыз болот.

Имарат 100 орунга чакталган.

Кыргызстанда 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт.

Анын 35 миңи балдар.