Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Муниципалитеттен такташкандай, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу түнкү саат 11ге  чейин Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, “Жал-15” кичи району, 30 дарегинде таза суу берүү токтотулду.

 

Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы зарыл.