Жүргүнчүлөрү менен учак асманда 13 саат жүргөндөн кийин кайра аэропортко кайтып келди

Жүргүнчүлөрү менен учак асманда 13 саат жүргөндөн кийин кайра аэропортко кайтып келди. Аба кемеси Дубайдан Жаңы Зеландиянын Окленд шаарына багыт алган.

 

Көздөгөн жерине жетип, конууга аз калганда Окленд аэропорту өзгөчө кырдаал үчүн рейстерди кабыл албай жатканы белгилүү болот. Шаарды нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптаган.

 

Жыйынтыгында лайнер асмандан эле артка кайрылып, кайра учуп чыккан аэропортуна 13 саат учуп келди.