Бүгүн Испания менен Франция ЕВРО-2024 финалына чыгуу үчүн беттешет

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында бүгүн биринчи жарым финалдык беттеш орун алат. Мюнхендеги стадиондо Испания менен Франциянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө башталат.

 

Эске салсак, испаниялыктар бул турнирде 5 беттеште тең жеңишке жетип, 11 гол киргизген. Француздар 5 оюнда эки жолу гана жеңишке жетишти. Калган оюндар тең чыгуу менен аяктады.

 

Чейрек финалда Франция Португалияны пенальтилер сериясында гана ута алды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.