Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды

Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, болочок студенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

 

Биринчи этап 24-июлга чейин созулат. Экинчи тур 30-июлдан  7-августка чейин жана үчүнчүсү 13-августтан 20сына чейин уланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.