Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолун оңдоо аяктап, трасса ачылды

Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолун оңдоо аяктап, трасса ачылды.

 

Бул тууралуу “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, асфальтталган жолдун узундугу 1 миң 265 метр, туурасы 13 метрди түзөт. Ал төрт тилкелүү.

 

Андан тышкары, жакында эле Түп – Шаты – Ичке-Суу унаа жолуна 1,5 чакырым, Михайловка – Николаевка – Токтоян унаа жолуна 2,7 чакырым асфальт төшөлгөн.