Банктарга акча салуунун кепилденген компенсация суммасы 1 миллион сомго чейин көбөйтүлдү

Банктарга акча салуунун кепилденген компенсация суммасы 1 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Буга чейин ал 200 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу депозиттерди коргоо боюнча агенттиктен билдиришти.

 

Тактап айтканда, банк же башка каржылык мекеме банкрот деп табылса, 1 миллион сомго чейинки аманаттар толугу менен кайтарып берилиши керек. Эгер сумма андан көп болсо, анын кепилденген бөлүгү кайтарылат.