Бишкекте айрым коомдук транспорттун кыймылы убактылуу өзгөрөт.
Мэриядан билдиришкендей, Аламүдүн базарынын аймагында №21 автобус жана №118, 260 маршруткалар бүгүнтөн тарта Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтөт. Мунун себеби Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө асфальттагы кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу.
Мэрия маршрутту өзгөрүүлөрдү эске алуу менен пландаштырууну суранат.