Баткенде чек арачылар үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда

Баткенде чек арачылар үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жакында эле 2022 аскер бөлүгүнө жакын жайгашкан 32 батирдин ачкычы аскер кызматкерлерине тапшырылды.

 

Эске салсак, өткөн жылы аталган аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн 48 батирлүү үй курулуп, пайдаланууга берилген.