3-июлда Жердеги орточо ысык температура рекорд койгон

Дүйнөдөгү орточо деген температуранын жаңы рекорду адамзат үчүн «өлүм өкүмү» болуп калды. Мындай пикирин Улуу Британиядагы Климаттын жана курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшү боюнча Грэнтэм институтунун климатологу Фридерике Отто Sky News телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.
АКШнын Экологиялык божомол боюнча улуттук борборунун маалыматтарына караганда, дүйшөмбү, 3-июлда, Жер планетасындагы орточо температура 17,01 градус болуп, рекорд койгон. Мурдагы рекорд 2016-жылы августта жаралып 16,92 градусту түзгөн.
«Бул биз майрамдай турган учур эмес. Бул адамзатка жана экологиялык системага чыккан өлүм өкүмү», — деген Отто.
Басылма быйыл Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүшүнө жана океан агымынын фазалары менен тутумдашкан Эль-Ниньодогу жаратылыш кубулушуна байланыштуу температуранын өйдөлөй турганын эскерткен. Фазалардын өзгөрүү өзгөчөлүгү Ла-Нинье учурунда абадан жылуулук океанга бир топ күч менен кетип, ал эми Эль-Ниньо мезгилинде агымдын океандан атмосферага келгенинде.
Шаршемби күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда дүйнөдө жаратылыштын өзгөрүүлөрү активдеше турганын айтты. Уюм бир катар жерлерде суу ташкындаарын, кээ бир аймактарда бороондуу шамал күч аларын, дагы бир региондордо аптап куйкалаарын күтүп жатканын белгиледи.