Баткенде медакадемиянын заманбап комплексинин курулушу аяктады

Баткенде И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу аяктады.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, комплекс жаңы окуу жылына карата толук пайдаланууга берилет.

 

Объект көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулуп, заманбап жабдуулар, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭКГ менен жабдылган.

 

Мындан тышкары, комплекстин аймагында 200 орундуу конференц-зал, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана 500 орундуу күндүзгү оорукана курулган.

 

Долбоордун курулушуна болжол менен 603,5 млн сом жумшалган.