Бишкекте №20 бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкекте №20 бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, анын планы кайрадан иштелип чыгып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

 

Жаңы бала бакча 130 орунга ылайыкташкан. Анда бөбөктөр тайпасы, кенжелер тайпасы, 2 улуу жана 2 даярдоо тайпасы болот. Ошондой эле бакча медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган.

 

«Ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыкалык жана гимнастикалык өзүнчө бөлмөлөр каралган. Бала бакчанын эки кабаттуу имаратынын ички аянты 1500 куб метр, ал эми бала бакчанын жалпы аянты 0,52 гектарды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду.