“Бенфиканын” жана Аргентина курамасынын жарым коргоочусу Энцо Фернандес “Челси” клубуна өттү

“Бенфиканын” жана Аргентина курамасынын жарым коргоочусу Энцо Фернандес “Челси” клубуна өттү.

 

Трансфердин баасы 121 миллион еврону түздү, бул Англия премьер-лигасындагы рекорддук сумма болуп эсептелет.

 

Футболчу клуб менен 2031-жылдын жай айларына чейин келишим түздү. Эске салсак, өтүп кеткен дүйнө чемпионатында Фернандес Аргентина курамасы менен чемпион наамына ээ болду. Андан тышкары, ал турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу деп аталган.