Чүй облусунда COVID-19га каршы вакцинаны сактоочу жайлар оңдолду

Чүй облусунда COVID-19га каршы вакцинаны сактоочу жайлар оңдолду.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кеп Кемин жана Москва райондорундагы Мамлекеттик санэпидем көзөмөлдүн ооруларды алдын алуу борборлору тууралуу болуп жатат.

 

Ошондой эле вентиляция системасы жаңыртылды. Ведомство алдыда 3 сактоочу жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, өлкө аймагында жалпысынан дагы 8 объект курууну пландап жатат. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.