Билим берүү министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат. Министрлик окуу китептеринин электрондук варианттары https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдайт. Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот.

 

Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмеги министрликтин https://edu.gov.kg/posts/ сайтында бар.

 

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн — https://edu.gov.kg/posts/3328/

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн — https://edu.gov.kg/posts/3330/

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.