Бишкектеги мектеп лагерлери бүгүнтөн тарта иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 39 аянтча ачылат. Алардын дээрлик бардыгы тамак-аш менен камсыз болушат.
Жалпысынан төрт миңден ашык баланы камтуу пландалууда. Каникул учурунда алар үчүн маданий саякаттар, сынактар, спорттук оюндар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат.
Мектеп лагерлери 30-июнга чейин иштейт.