Өлкө боюнча мектептер көмүр менен жылытууга өтүүдө

Өлкө боюнча мектептер көмүр менен жылытууга өтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, айрым билим берүү мекемелеринде альтернативдик газ менен жылытуу системасы бар. Ал эми көгүлтүр от жок мектептер көмүр менен жылытылат.

 

Жалпысынан, министрдин айтымында мектептер суткасына 31 миллион киловатт-саат электр энергиясын керектешет.