Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Жалпы 15 киши – 12 эркек, 3 аял арыз берди.

 

Ушул күнгө чейин алардын алтоо талапкер катары катталып, төртөө берген арыздарын кайтарып алышты. Талапкерлердин толук документтерин кабыл алуу 25-августка чейин уланат.

 

Шайлоо 22-сентябрда өтөт. Эске салсак, аталган округдан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов мандатын өз арызы менен тапшыргандан кийин анын орду бош калган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.