Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоо үчүн бюллетендердин тексти 11-майга чейин бекитилет

Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоо үчүн бюллетендердин тексти 11-майга чейин бекитилет. БШК маалыматына ылайык, 23-майга чейин документтер даяр болуп, 27-майда бардык аймактык шайлоо тилкелерине жеткирилет.

 

Эгер талапкер бюллетендин тексти бекитилгенден кийин жарыштан четтөө чечимин кабыл алса, ага айып салынат, — дешти комиссиядан.

 

Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоо 28-майда өтөт.