Бир мандаттуу №29 Свердлов округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Бир мандаттуу №29 Свердлов округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган округда шайлоо өткөрүү 30-июнга дайындалды.

 

Эске салсак, Бишкектин административдик соту Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде бул округдан парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Муртазалиев эң көп добуш алган.

 

Бирок Боршайком анын каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.