Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Боршайкомдун маалыматына караганда, Ош округунан 18, Кара-Суу жана Баткен округдарынан 12ден киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.
Эми БШК алардын документин 8-апрелге чейин текшерип чыгып каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат. Андан кийин үгүт өнөктүгү башталып, ал 27-апрелге чейин уланат.
Аталган үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.