Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчү поезддин каттамы 2025-жылга чейин жанданат деп пландалууда

Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчү поезддин каттамы 2025-жылга чейин жанданат деп пландалууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, коронавирус чектөөлөрү киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага поезд каттабай калган. Андан кийин Самара шаарына темир жол каттамдары жанданган.

 

Ал эми Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо иштери башталгандыктан, Россиянын борбор шаарына поезддер жүрө элек. 2025-жылдын жаңы графигинде Бишкектен Москвага эл аралык жүргүнчү ташууну жандантуу пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.