Бишкекте коомдук транспорт үчүн алгачкы өзүнчө тилке бөлүндү

Бишкекте коомдук транспорт үчүн алгачкы өзүнчө тилке бөлүндү. Мэриядан бидиришкендей, кеп Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаева көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.

 

Учурда адистер жол чийиндерин түшүрүп, белгилерди орнотууда. Иштер 1-сентябрга чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.

 

Мэриядан белгилешкендей, өзүнчө тилке тыгындарды азайтуу жана коомдук транспорт үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилип жатат.