Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, объект Токтогул районунда жайгашкан.

 

Коридордун узундугу 460 метр, ал эми бийиктиги   8,5 метрди түзөт.

 

Учурда объект колдонууга берилип, кийинки жылдын ноябрына чейин сыноодон өтөт. Бул убакыт аралыгында курулуштагы кандайдыр бир каталар аныкталса, аткаруучу компания аларды өз эсебинен жоюуга милдеттүү.