Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын Төө-Ашуу, Сосновкага тиешелүү 81-чакырымында чоң жүк ташуучу машинелер өткөрүлбөйт.
Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот. Жеңил унаа менен сапарга чыккан айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.