Сүлүктү шаарында маданий борбор пайда болот. Курулушка тендерди калаа мэриясы жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордун сметалык наркы 51 миллион 700 миң сомду түзөт. Аткаруучу компаниялардан арыздар 27-ноябрга чейин кабыл алынат.