Бишкекте 100 миң адамды батырган жаңы аянт пайда болот

Бишкекте 100 миң адамды батырган жаңы аянт пайда болот. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы аянтты куруу чечимин кабыл алууга Эгемендүүлүк күнүндө майрамдоого келген эл Ала-Тоо аянтына батпай калганы себеп болду. Өлкө жетекчилиги тиешелүү тапшырма берип, учурда долбоорлоо башталды. Аянт ордо калаанын кайсы бөлүгүндө салына турганы белгисиз.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.