Бишкекте өз билемдик менен басып алынган жерлерге 10,5 миңден ашык техникалык паспорт берилди

Бишкекте өз билемдик менен басып алынган жерлерге 10,5 миңден ашык техникалык паспорт берилди. Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, техникалык паспорт берүү жер тилкеси мыйзамдаштырылды дегенди билдирбейт, анда турак жай тууралуу техникалык маалымат гана чогултулат.

 

Ошондой эле өзү билемдик менен үй курулган участоктордун баары эле мыйзамдаштырылбай турганы белгиленди.

 

Санитардык нормаларга туура келбеген, газ түтүктөрү өткөн, таштанды полигондор менен мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер жөнгө салынбайт.