Бишкекте катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды.
Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Атайын чатырлар ордо калаанын 4 районунда тең тигилди. Түйүндөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уюштурулган.
Алардын ар биринде ведомствонун бир кызматкери нөөмөттө турат. Чатырларда тургундар жылынып, ысык чай ичип алса болот.