Бишкекте 18-майдан тарта айрым көчөлөр оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте 18-майдан тарта айрым көчөлөр оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Байтик Баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин жана Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылат.

 

Жолдордун асфальтталган катмары жана бордюрлары жаңыртылып, айрым тилкелери кеңейтилип, тегизделет.