Бишкекте 2 транспорт түйүнү курулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кытай менен протоколго кол коюлду.
3-фазанын жүрүшүндө транспорттук түйүндөр Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жана Анкара – 7-апрель кесилишинде пайда болот. Учурда долбоорлор иштелип жатат. Курулуштун болжолдуу мөөнөтү — 2025-26-жылдар.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.