Бишкекте №3 насос станциясынын курулушу башталды

Бишкекте №3 насос станциясынын курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, объект Чүй проспектисинин Осмонкул көчөсү менен кесилишинде жайгашат. Станция 8 насостон турат.

 

Ал ишке киргенде ордо калаанын борбордук жана батыш тарабындагы 30 миң жашоочуга жылуулук берүү системасы жакшырат. Курулуш иштери кийинки жылдын август айында жыйынтыкталат деп пландалууда.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы – 560 миллион сом.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.