Кыргызстанда эртеңден тарта аба табы бир аз салкын болушу күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда 40 градуска чейин ысып жатат. Ал эми 11-июнда температура 4-5 градуска төмөндөйт.
Эртеси эле, 12-июнда кайрадан аптаптуу күндөр кайтып келет, бирок, 40 градуска жетпейт, — дешет синоптиктер.