Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун 4 вариантын сунуштады

Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун 4 вариантын сунуштады. Бийликтен белгилешкендей, объекттеги энергоблоктордун азыркы абалы эскирип, заманбап техникалык чечимдерди талап кылат.

 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтымында, ЖЭБди модернизациялоодо атмосферага чыгарылуучу зыяндуу заттарды азайтууга, жергиликтүү кичи станцияларды курууга жана кошумча буу казандарды ачууга басым жасоо керек.

 

Андыктан, Жапаров ар бир долбоор боюнча экономикалык эсептерди чыгарууну мамлекеттик органдарга тапшырды.