Бишкекте 30-31-августта унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкекте 30-31-августта унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мунун себеби Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу.

 

Ага ылайык, 30-август күнү Чыңгыз Айтматов проспектисинде унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр коюлат. Ал эми 31-августта Жибек-Жолу, Манас проспектилеринин, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө машинелер өткөрүлбөйт.

 

Бул күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.