Кыргызстанда шектүүгө билерик тагып көзөмөлдөө боюнча мыйзамга кол коюлду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алган.
Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорунда шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилери айтылган.
Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусу чектелет.