Бишкекте 4 күндөн кийин ысык суу өчүрүлөт

Бишкекте 4 күндөн кийин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан эскертишти. Бул ирет адаттагыдан айырмаланып, ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.

 

Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынды.