Россиянын айрым аймактарында мигранттар үчүн киргизилип жаткан чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешелүү эмес

Россиянын айрым аймактарында мигранттар үчүн киргизилип жаткан чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешелүү эмес. Бул тууралуу 24 агенттигине биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирикменин курамына кирет. Андан улам, биздин жарандарга иштөө үчүн патент алуунун кереги жок.

 

Кыргызстандыктар үчүн ЕАЭБдин эмгек рыногундагы бирдиктүү эрежелер бар. Эске салсак, Россиянын Новосибирск жана Камчатка аймактарында мигранттарга такси кызматында иштөөгө, суусундуктарды жана тамеки продукциясын сатууга тыюу салынды.