Бишкекте 4 миң 800 керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. Электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, бересеси бар абоненттерди аралыктан өчүрүү 29-июнда жүргүзүлөт.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга электр энергиясы үчүн карыздарын тез арада төлөө сунушталат. Төлөмдөр терминалдар, электрондук капчыктар, банк кассалары жана “Кыргызч почтасы” аркылуу кабыл алынат.