WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми тайпалардагы администраторлор каалаган билдирүүнү чаттын үстүнө бекитип кое алат. Ал бардык катышуучуларга көрүнүн турат.
Колдонуучу билдирүү канча күн тура турганын өзү аныктайт – бир күн, бир жума же бир ай. Белгиленген убакыт өткөндө билдирүү автоматтык түрдө алынат. Учурда опциянын үстүнөн адистер иштеп жатат, ал жакынкы арада бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.