Бишкекте 6,5 миңден ашык абонент карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн

Бишкекте 6,5 миңден ашык абонент карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр 23-сентябрдан тарта жүргүзүлөт.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга карыздарын тез арада жабуу сунушталат. Төлөмдөр терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу кабыл алынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.