Үстүбүздөгү жылдын январынан июлга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө  286 миллион 830 миң доллар которулду

Үстүбүздөгү жылдын январынан июлга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө  286 миллион 830 миң доллар которулду.

 

Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында камтылган. Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу аткарылган транзакциялары тууралуу болуп жатат. Каражат ар кандай валюталар менен жөнөтүлөт, бирок эсептегенде доллар эквивалентинде көрсөтүлөт.

 

Ошол эле учурда Кыргызстанга агылган акчанын суммасы алда канча көп, тагыраагы, жети айда өлкөгө чет мамлекеттерден 1,1 миллиард доллар келген.