Бишкекте «АгроТехЭкспо-2024» жарманкеси өтөт

Бишкекте 18-20-октябрь күндөрү республикалык «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

«АгроТехЭкспо-2024» жарманкесинин алкагында агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу максаты турат.

 

Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдуулардын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдар жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

 

Көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка айыл чарба техникалары сунушталат.

 

Иш-чара Бишкектин борборунда 15 миң чарчы метрден ашык аянтта өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.