Нандын максималдуу баасы жакынкы үч күн ичинде белгиленет

Нандын максималдуу баасы жакынкы үч күн ичинде белгиленет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарында жалпысынан 220 наабайкана иштейт.

 

Баа күн сайын текшерилет. Мыйзам бузуулар болгон учурда чара көрүлөт.

 

Мекеме өлкөдө нандын баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин эске салат. Бул алып сатарлардын дагы пайда табуусуна бөгөт коёт.