Кыргызстанда быйыл энергетика тармагын каржылоо көбөйтүлөт

Кыргызстанда быйыл энергетика тармагын каржылоо көбөйтүлөт. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бул тармакка 74 миллиард сом каралган.

 

Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 41 миллиард сомго көп. Каражат “Электр станциялары” жана  “Улуттук электр тармактары” компанияларынын уставдык капиталын жогорулатууга жана күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүгө багытталат. Андан тышкары, бюджеттик насыяларды жабуу дагы каралат.