Бишкекте Ала-Тоо аянты аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкекте Ала-Тоо аянты аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ордо калаанын Кайгуул милиция кызматынан билдиришти. Бүгүн жана эртең аянтта Мамлекеттик академиялык оркестрдиин катышуусу менен концерт өтөт.

 

Буга байланыштуу кечки саат 5тен тарта музыкалык кечелер аяктаганга чейин Чүй проспекти Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.