Кыргызстанда жазгы талаа иштерин аягына чыгарууга күйүүчү-майлоочу материал жетиштүү көлөмдө бар

Кыргызстанда жазгы талаа иштерин аягына чыгарууга күйүүчү-майлоочу материал жетиштүү көлөмдө бар.

 

Буга Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров ишендирди. Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча күйүүчү майга болгон муктаждык 42 миң тоннаны түзөт.

 

Фермерлерди отун менен камсыз кылуу максатында министрлик менен Мунай ташуучулар ассоциациясы ортосунда атайын макулдашуу жетишилген. Андан тышкары, материалдык резервдер мамлекеттик фонду дыйкандарга жеңилдетилген баада дизелдик отун сата турган жеке компания менен келишим түзгөн. Ага ылайык, 3 миллион литр дизель 65 сомдон сатылат.